Вход

Курманджан Датка

Реферат* по исторической личности
Дата создания: 21.09.2011
Автор: Наргиза Керимбаева
Word, docx, 38 кб
Реферат можно скачать бесплатно
Скачать
Данная работа не подходит - план Б:
Создаете заказ
Выбираете исполнителя
Готовый результат
Исполнители предлагают свои условия
Автор работает
Заказать
Не подходит данная работа?
Вы можете заказать написание любой учебной работы на любую тему.
Заказать новую работу
* Данная работа не является научным трудом, не является выпускной квалификационной работой и представляет собой результат обработки, структурирования и форматирования собранной информации, предназначенной для использования в качестве источника материала при самостоятельной подготовки учебных работ.
Очень похожие работы

1

 Курманжан-датка 181жылы Гүлчѳдѳ, карапайым кыргыздын үй-бүлѳсүндѳ туулган.Анын атасы Маматбай башкалардан коомдук абалы, байлыгы менен эч айырмаланган эмес. Ал кездеги салт боюнча Курманжанды бещикте жатканда эле бир байдын Кулысат деген уулуна кудалап коюшкан. Он сегизге толгондо күйѳѳсүн биринчи жолу кѳрүп, жактырбайт.Ата-энесинин ѳздѳрүбилип кудалашып , зордоп турмушка бергенине нааразылыгын билдирет.Күйѳѳгѳ чыгуудан баш тартып, тѳркүнүнѳ кала берет. Ислам динин талабы боюнча ажырашууга аракеттенген.

 Үч жылдан кийин башы бошоп, Алымбек даткага турмушка чыгат. Ал Анжыянды башкарган, Кокон хандыгында таасирдүүадам болгон. Алымбек датка 1860-жылы Калпаковский башчылык кылган ак падышанын жоокерлерине каршы Кокон ханы аскерлерин жѳнѳткѳн салгылашуга кирбей, ѳз жигиттерин ээрчитип, Анжыян шаарына кетип калган. Кокон хандыгы орустарга каршы кол курган кийинки жылы да кыргыздар жортуулга баруудан баш тартышат. Хан Алымбекти камакка алууга буйрук берген. Муну уккан Алымбек Гүлчѳ, Алайга тоо таянып кеткен. Анын мал-мулкун талап алышат. Бирок Алымбек датка 1962-жылы Кокон козголоңунда уу берилип ѳлтүрүлѳт.

2

 Жесир калган Курманжан акылдуу аракеттерин натыйжасында эл арасында чоңкадыр-баркка ээ болуп, Алайды башкарып калат. Кокондун ханы Кудаяр, Бухардын эмири Сеид Мусаффор-элдин тарабынан Курманжанга «датка» деген ардактуу наам тийиштүүжардыгы менен кошо берилген. Ошол мезгилде Курманжандын пикири менен Кокон ханы да, башка коңшу мамлекеттердин башкаруучулары да эсептешкен. Орусиянын императорунун ѳзүэки жолу: биринчисинда баалуу таш чегерилген шакек, кийинкисинде бриллиант капталган алтын саат тартуулаган. Датка сегиз генерал-губернатордун бийлигин башынан кечирген. Алардын да ар бири Курманжанды кѳрүүгѳ аракеттенишип, баалуу белектерин, жетекчилик чиндери менен сыйлашкан.

Курманжан датка абройлуу абалын ѳз карамагындагы кыргыздардын жакшы жашоосу үчүн пайдаланган. Ошондуктан Алайдын жана Гүлчѳнүн калкы Кокон хандыгына ооз жүзүндѳ гана кѳз каранды болуп келген. Орус аскерлери Кокон хандыгын талкалап, анын жерлери Орусия империясына караганда Курманжан датка анын бухарасы болуудан тарткан.

3

Датканын балдары баскынчы орустарга каршы кѳтѳрүлүшкѳн. Бирок алардын мизи кайтарылган. Князь Витгенштейн, Фергана ѳрѳѳнүнүн начальниги М.Д.Скобелев падышачылык каратып алган жерде бийликти жана тартипти орнотууда ѳздѳрүнѳ жѳлѳк болоор жергиликтүүэл сѳзүн угуп сыйлаган Курманжан датканы байкашып, ага белек-бечкек беришип, «Алай ханышасы» деп аташкан. М.Д.Скобелев даткадан уулдарын падышага кызмат кылууга макулдатууну ѳтүнгѳн.

Алайдын кѳз каранды эместигин сактап калууга күчүжетпей бараткандыгын сезген Курманжан датка падыша бийлигине кызмат кылуу менен калктын турмушун жеңилдѳтүүнүтура табат. Уулдары Камчибек, Асанбек, батырбектер анын тилин алып, Кичи алай, Ноокат, Гүлчѳ, ѳзгѳн ойоздорун башкарышкан.

Курманжан датканын уулдары кунак жашады деп айтууга болвойт. Тун уулу Абдылдабек орустарга каршы чыгып, жеңилип калгандыктан, башка жакка качып кетип, мусапырдык ѳлүм менен каза болот. Экинчи уулу Камчыбек падышанын офицерин ѳлтүргѳнүүчүн 1895-жылы. Ошто эл алдында даргага асылган. Уулу Асанбек неберлери Мурзапаяс, Арстанбек орус бийлигин тоотпогондуктан, Сибирге сүргүнгѳ айдалышкан.

 Ѳз элин эзүүчүлѳрдѳн калкалган, кѳз карандысыздыгы үчүн күрѳшкѳн тарыхый инсан Курманжан датканын таржымалы тереңизилденилип, кыргыз тарыхынан ѳз ордун алууга тийиш.

© Рефератбанк, 2002 - 2024